Атайын эсепке жарандардан жана ыктыярчылардан 17 млн дон ашуун сом түштү  

  • 2 года мурун

18-сентябрь, саат 11:00-гө карата Тажикстандын агрессиясы учурунда калкты колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан атайын ачылган эсепке 17 426 626,22 сом өлчөмүндө каражат түштү.

 Бул тууралуу финансы министрлигинин борбордук казыналыгы билдирди.  

Атайын эсеп Баткен облусунун элине колдоо көрсөтүү максатында ачылган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. 

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

КР саламаттык сактоо министрлиги Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 18-сентябры, саат 17:00гө карата саламаттык сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны — 140 адам, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн билдирди. Ал эми каза болгондордун жалпы саны – 46га жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты