Атайын эсепке  227 млн сомго жакын каражат чогултулду

  • 2 года мурун

21-сентябрь саат 16:15ке карата жарандардан жана башка уюмдардан акча каражаттары бирдиктүү казыналык эсепке 226 935 472,01 сом чогулду.

Бул тууралуу финансы министринин орун басары Улан Даникеев билдирди.  

Финансы министринин орун басары бүгүнкү күндө атайын эсептерден акча бөлүштүрүлбөгөнүн баса белгиледи. Бул каражаттарды пайдалануу Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан ишке ашырылат. Атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле ак ниетсиз жарандар тарабынан финансылык алдамчылыктын алдын алуу максатында ачылган.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 183 киши жабыркады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты