Асман шаарынын курулушуна 30-июнда капсула коюлары айтылды
- 4 months мурун
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө Асман шаарынын ачылышына 30-июнда капсула коюлары тууралуу Чолпон-Атада паркты ачуу учурунда 30-майда билдирди.
Мамекет башчынын айтымында, келечекте Асман шаарында 500 миңден 700 миңге чейин адам жашайт. шаардын жалпы аянты 4 миң гектар болот. Анын курулушун чет элдик компаниялар каржылайт, .
Президенттин администрациясы Ысык-Көл облусуна “Асман” деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун былтыр жайында жарыялаган. Экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар 7-10 жылдын аралыгында курулары кабарланган. Шаар Тору-Айгыр айылына түшмөк. Киийнчерээк ал Тору-Айгыр айылы менен Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропортунун ортосуна деп өзгөртүлөрү кабарланган.
Өткөн жылы 12-апрелде Руслан Акматалиев Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы болуп дайындалган.
Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 23-октябрда маалымат жыйынында Асман шаарынын келечектеги курулушу тууралуу суроого мындайча жооп берген.
-Асман шаарынын башкы планы иштелип жатат. Ал 1-1,5 жылда башталат. Биз сыйкырчы эмеспиз, “сүф” десе эле шаар туруп калгандай. Бюджеттен бир тыйын да короткон жокпуз, бул-инвесторлордун акчасы. Биз гектерлап-гектарлап жерди бөлүп беребиз, Кытай, Сауд Аравия ж.б. мамлекеттерден сурап жатышат. Мамлекет инфраструктура гана курат. Инвесторлор 20 млрд доллардын тегерегинде коротот. 3-7 жылдан кийин салынып бүтүп калса да жакшы. Анда чет өлкөлүктөр да батир сатып алса болот, -деген Президент.
Ысык-Көл облусунда куруу пландалып жаткан «Асман» долбоорунан баш тартууну бийликтен талап кылуу петициясы жарыяланды. Анын ордуна Ысык-Көлдөгү кичи шаарларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо боюнча бийликке сунуш берилди.
Иллюстрациялык сүрөт: