Асман шаарын куруу боюнча Шанхайдагы Cnina Construction company менен меморандумга кол коюлду

  • 4 недели мурун

Кытай менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Шанхайдагы курулуш компаниясы менен Пекинде кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттиги билдирди.

Меморандумга Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабиров менен эл аралык долбоорлор департаментинин башкы директору, Кытай курулуш долбоорлоо институтунун башкы директору Cao Xiangming кол коюшту.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кызматташуунун келечегин жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Документ инвестициялык, инфраструктуралык жана курулуш долбоорлорунда кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле заманбап шаар куруу жана туруктуу өнүгүү стандарттарына ылайык түзүлгөн «Asman City»— келечектин акылдуу шаары» долбоорун ишке ашыруу үчүн заманбап технологияларды жана чет элдик инвестицияларды тартууга багытталган” деп айтылат маалыматта.

2023- жылы 30-июнда Ысык-Көлдө Асман экологиялык таза шаарынын курулушуна капсула салынган.

Шаардын долбоорун даярдоого 1,5-2 жылдай убакыт кеткен. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашай тургандыгы пландалууда. Шаардын жалпы аянты 4 миң гектарды түзөт.

Курулуш иштерин 7-10 жылда бүткөрүү пландалууда. Буга чейин президенттик администрация шаарды тыштан келген инвесторлор саларын билдиргени менен, кайсы инвесторлор экенин так ачыктаган эмес. 

Президенттин администрациясы Ысык-Көл облусуна “Асман” деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун 2023-жылы жайында жарыялаган.

Экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар 7-10 жылдын аралыгында курулары кабарланган. Шаар Тору-Айгыр айылына түшмөк. Киийнчерээк ал Тору-Айгыр айылы менен Тамчыдагы «Ысык-Көл» аэропортунун ортосуна деп өзгөртүлөрү кабарланган.

Руслан Акматалиев Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы болуп дайындалган.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 23-октябрда маалымат жыйынында Асман шаарынын келечектеги курулушу тууралуу суроого мындайча жооп берген.

-Асман шаарынын башкы планы иштелип жатат. Ал 1-1,5 жылда башталат. Биз сыйкырчы эмеспиз, “сүф” десе эле шаар туруп калгандай. Бюджеттен бир тыйын да короткон жокпуз, бул-инвесторлордун акчасы. Биз гектерлап-гектарлап жерди бөлүп беребиз, Кытай, Сауд Аравия ж.б. мамлекеттерден сурап жатышат. Мамлекет инфраструктура гана курат. Инвесторлор 20 млрд доллардын тегерегинде коротот. 3-7 жылдан кийин салынып бүтүп калса да жакшы. Анда чет өлкөлүктөр да батир  сатып алса болот, -деген президент.

Ысык-Көл облусунда куруу пландалып жаткан «Асман» долбоорунан баш тартууну бийликтен талап кылуу петициясы жарыяланган. Анын ордуна  Ысык-Көлдөгү кичи шаарларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо боюнча бийликке сунуш берилген.  

Сүрөт: invest.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты