Жапаров Тибеттеги жер титирөөдөгү адамдардын каза болушуна байланыштуу Си Цзиньпинге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Тибет автономиялуу районунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. 

“Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм” деп айтылат телеграммада.

Бейшемби күнү, 22-октябрда, саат 22:33тө Кытайдын Тибет тоолуу районунда магнитудасы 7 баллга жеткен жер титирөө катталып, кеминде 16 киши каза тапканы маалымдалды. Акыркы маалыматтарда жаракат алгандардын саны 60тан ашкандыгы айтылды. 339 турак үй бузулган.

Жер титирөөнүн очогу Бачен уездинин Нагчу округунда болгон.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты