Аскат Жетиген абакта ден соолугуна коркунуч келтирилбегенин билдирди

Акын, ырчы, активист Аскат Жетиген бүгүн, 23-май күнү, Интернет булактарында өзү тууралуу туура эмес маалымат тарап кеткенин, абакта өмүрүнө эч кандай коркунуч келтирилбегенин айтып чыкты.

-Мен Жетиген уулу Аскат, эки айдан бери 1-СИЗОдо отурам, Интернет булактарында мен жөнүндө туура эмес маалыматтар тарап кетти. Мен кыйноого кабылдым дегенден бери ден соолугума эч кандай коркунуч болгон жок, укук коргоо органдары тарабынан да жана бул жерде жаткандардын эч кимиси дагы менин өмүрүмө, ден соолугума эч кандай коркунуч келтирген жок,-деп билдирди Аскат Жетиген.

Акын, ырчы, активист Аскат Жетиген 23-май күнү, Интернет булактарында өзү тууралуу туура эмес маалымат тарап кеткенин, абакта өмүрүнө эч кандай коркунуч келтирилбегенин айтып чыкты.

Бүгүн, 23-майда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда акын, ырчы, активист Аскат Жетигендин соту улантылды.

Сотто Аскат Жетиген кармалгандан кийин, абакта 20-марттагы соттун чечиминен кийин укук коргоо органдары УКМКнын шаардык бөлүмүндө, мекеменин жертөлөсүндө бир саатка жакын ток менен кыйнашкан, башыма баштык кийгизип, сабашканын билдирди.

Бул боюнча акыйкатчыга жана кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылганын айтканын «Азаттык» билдирди.

“Ток менен бир саат бою кыйнашкан. 20-марттагы соттун чечиминен кийин укук коргоо органдары мени УКМКнын шаардык бөлүмүндө, мекеменин жертөлөсүндө бир саатка жакын ток менен кыйнашкан, башыма баштык кийгизип, сабашкан. Алардын талабы боюнча бийликке каршы чыкпай, кечирим сурашым керек болчу. Бул боюнча кат жибердим, азыркы учурда Аскер прокуратурасы ишти изилдеп жатат” деген Аскат Жетиген.

Улуттук коопсуздук комитети өзүнө караштуу мекемеде Жетигендин кыйноого кабылганы тууралуу маалыматтарга комментарий бере элек.

Аскат Жетиген өзүнө коюлган “Массалык башаламандыктар”, “бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери менен макул эместигин билдирди.  

20-мартта ырчы, акын, активист Аскат Жетиген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кайра кармалды жана соттун чечими менен эки айга, 19-майга чейин камакка алынган.

Сүрөттө: Аскат Жетиген. Видеодон алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты