Арстан Алайды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Арстан Алай деген ат менен белгилүү болгон Арстанбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкекте өтүп жатат.

Арстан Алайды акыркы сапарга жакындарынан тышкары, узатууга көптөгөн адамдар, замандаштары барды. Анда чогулгандар Арстан Алайдын ишмердигиин жана кайрымдуулугн иштерин баса белгилешти.

Юстиция министрлиги Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) өлүмү боюнча комиссия түзгөнүн билдирди. Маалыматка ылайык, комиссия колдо болгон бардык материалдарды, анын ичинде Арстанбек Абдылдаевдин өз алдынча кыймылынын фактыларын көрсөткөн видеокамералардагы жазууларды жана суициддик жүрүм-турумдун белгилерин да изилдеп жатат.

Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) 5-январда Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын №31 түзөтүү мекемесинде каза болгону белгилүү болгон. Жаза аткаруу кызматы Арстан Алай деген ат менен таанылган Арстанбек Абдылдаевдин асылган абалда табылганы тууралуу маалымат таратты.

Башкы прокуратура 6-январда Абдылдаевдин өлүмүнө байланыштуу тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын

Октябрь райондук соту Арстанбек Абдылдаевди 15-январга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Арстан Алай аты менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев диний кастыкты козутуу боюнча кармалганын билдирген эле.

«ПолитКлиника» медиаса Арстанбек Алай тууралуу анын балдарынын айткандарын мындайча баяндайт.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты