Алмазбек Токтомаметовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

18-ноябрда Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов менен коштошуу зыйнаты өттү.

Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.  

Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагынын эмгек сиңирген кызматкери Алмазбек Токтомаметов 2026-жылдын 16-ноябрында 63 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына анын жакындары, Агартуу министрлигинин жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.

Коштошуу зыйнатында сөз сүйлөгөндөр Алмазбек Токтомаметовдун адамгерчилигин, жөнөкөйлүгүн, эмгекчилдигин жана коомго кылган ак кызматын белгиледи.

Алмазбек Токтомаметовдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Сүрөт: Агартуу министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты