Кыргыз делегациясы Рим папасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты
- 7 месяцев мурун
26-апрелде Рим папасы Францискти акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов жана Италиядагы элчи Т.Базарбаев катышты.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз борбору билдирди.
Понтифик менен расмий коштошуу аземи католик чиркөөсүнүн эң маанилүү жерлеринин бири болгон Ватикандагы Ыйык Петр аянтында 50дөн ашык дүйнөлүк лидерлер жана 10 башкаруучу монархтар менен өттү.
Ватикандын билдирүүсү боюнча, коштошуу зыйнатына 200 миңдей адам катышты. Анын арасында көптөгөн мамлекеттердин мамлекет башчылары жана өкмөт башчылары.
21-апрелде Рим папасы 88 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Хорхе Марио Бергольдо 1936-жылы Буэнос-Айрес шаарында туулган. Ал католик чиркөөсүнүн Латын Америкасынан чыккан алгачкы понтифиги болгон. Ал 13-мартта 2013-жылы Рим папасы болуп шайланган. Рим папасы жеке сапаттары менен миллиондогон христиандарды шыктандырып турган. Ал диндердин диалогго барышы, жакыр адамдарды колдоо, айлана-чөйрөнү сактоо, боорукерлик сапаттарынын зарылдыгы тууралуу айтып келген.
Сүрөт: ТИМ басма сөз борбору




