Профессор Жаныбек Жакыпбековду акыркы сапарга узатышты
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 6-августта, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинн башкы имараттын алдындагы аянтчада кыргыздын көрүнүктүү тарыхнаамачысы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор Жаныбек Жакыпбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду.
Аза күтүү митингин КУУнун бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков ачты.
Жаныбек Жакыпбеков коштошуу сөздөрүн мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу, Тарых жана чөлкөм таануу институтунун профессору Аскарбек Беделбаев, Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин айтышты.
Профессор, тарых илимдеринин доктору Жаныбек Жакыпбеков 4-августта 80 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Жаныбек Жакыпбеков 1946-жылы Чүй облусунун Панфилов районунун Кум-Арык айылында төрөлгөн. 1963-жылы орто мектепти аяктаган соң, 1964–1966 жылдарда Фрунзе шаарындагы Ленин заводунда жумушчу болуп иштеген. 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, 1972-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.
1974-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинин СССРдин тарыхы кафедрасынын ага лаборанты катары эмгек жолун баштап, ошол эле учурда кафедранын окутуучусу кызматын айкалыштырып иштеген.
1978-1982-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинин аспирантурасын сырттан бүтүрүп, 1986-жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде кандидаттык диссертацияны жактап, тарых илимдеринин кандидаты даражарын алган. Ал эми 2013-жылы докторлук диссертациясын коргоп, тарых илимдеринин доктору илимий даражасына ээ болгон.
Илимий изденүүлөрдүн натыйжасында 140дан ушуун илимий макалаларды жарыялап, 2 монографиялык изилдөөсүн жарыкка чыгарып, 4 окуу методикалык-колдонмону даярдаган.
Илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүндө жетишкен ийгиликтери үчүн 2015-жылы КУУнун ардагери, 2024-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамын алган.
Жаныбек Жакыпбеков акыркы мезгилге чейин Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институтунун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын профессору кызматын аркалап келген.
Үй- бүлөнүн татыктуу атасы катары жубайы менен бирге 1 уул, 2 кызды тарбиялаган.

Баш сүрөттө: Жаныбек Жакыпбеков. Социалдык тармактан
Сүрөттө: КУУдагы акыркы сапарга узатуу зыйнатынан




