“Кызым үйдөн кууп чыкты”. Жыйында эне-кыздын үй талашы тууралуу айтылды
- 2 месяца мурун
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Токтогул районунун Кызыл-Туу айылынын эли менен жолугушту. Анда айылдын тургуну зомбулук боюнча бир тууганы жана апасына карата арызданганын жана маселе чечилбей жатканын айтты.
Ал эми жергиликтүү милициянын маалыматына караганда, жалгыз бой аял бир тууган байкеси жана апасына зомбулук боюнча арызданган. Маселе үй талашууда болуп жатат. Жыйында келиндин апасы да сүйлөп, үйдөн баласы экөөнү кызы кууп чыкканын айтты.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




