Испанияда поезддер кагылышынан адамдардын каза болушуна байланыштуу көңүл айтылды
- 22 часа мурун
Президент Садыр Жапаров Испания Королдугунун Толедо провинциясында поезддердин кагылышуусунан улам адамдардын каза болушуна байланыштуу Испаниянын королу Филипп VIга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Испания оролдугунун Толедо провинциясында поезддердин кагылышуусунан улам адамдар каза болуп, көптөгөн жарандар жаракат алды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге жана Испания элине бул каргашалуу окуяга байланыштуу көңүл айтам. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм, ал эми бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм” деп айтылат телеграммада.
Испаниянын Толедо провинциясында 28-октябрда эртең менен ылдам жүрүүчү эки поезд кагылышты. Бул тууралуу EL Espanol басылмасы билдирди.
Ылдам жүрүүчү поезд Мадрид — Севилья багыты боюнча бара жатып, Уржа шаарына жакын жерден кырсыктаган. Кагылышкан эки поездде 540 тай жүргүнчү болгондугу айтылат.
Испаниянын жарандык авиация кызматынын билдирүүсү боюнча, кырсыктан 50дөн кем эмес киши каза тапты. 179 киши жабыркады.
Сүрөт: Reuters




