Кыргызстандын курама командасы парашахмат боюнча дүйнө чемпионатына катышат

  • 2 недели мурун

1–13-июнь күндөрү Испаниянын Аликанте шаарында таяныч-кыймыл аппараты жабыркаган спортсмендер арасында парашахмат боюнча IPCAнын (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык шахмат ассоциациясы) 25-жеке дүйнө чемпионаты өтөт.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Аталган мелдешке Кыргыз Республикасынын парашахмат боюнча улуттук курама командасы катышат.

Команданын курамында спортчулар Тилеген Рахатбеков, – Кубанычбек Ибраимов, коштоочу, сурдокотормочу Айнура Алеева, команданын жетекчиси жана коштоочу Эрмек Мукашев бар.

Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты