Испаниянын Толедо провинциясында эки поезд кагылышып, ондогон кишилер каза тапты
- 8 часов мурун
- Жаңылыктар
Испаниянын Толедо провинциясында 28-октябрда эртең менен ылдам жүрүүчү эки поезд кагылышты. Бул тууралуу EL Espanol басылмасы билдирди.
Ылдам жүрүүчү поезд Мадрид — Севилья багыты боюнча бара жатып, Уржа шаарына жакын жерден кырсыктаган. Кагылышкан эки поездде 540 тай жүргүнчү болгондугу айтылат.
Испаниянын жарандык авиация кызматынын билдирүүсү боюнча, кырсыктан 50дөн кем эмес киши каза тапты. 179 киши жабыркады.
Кырсыктын кесепетинен Мадрид менен Андалусиянын ортосунда каттаган поезд кыймылы токтотулуп, темир жол бекеттеринде рейстер каттабай калды. Бул Испаниядагы жыл башынан берки экинчи темир жолдогу ири кырсык экени айтылууда.
Сүрөт: Reuters
Муну бөлүшүү




