Алмазбек Атамбаев Батукаевдин иши боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок жазадан бошотулду
- 1 месяц мурун
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча сот тарабынан күнөөлүү деп табылды. Бирок ал иштин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жоопкерчиликтен бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Замир Жоошев билдирди.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө кызматы 2019-жылы кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштуруу боюнча шектүү деп тапкан.
Кримтөбөл Азиз Батукаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун сотунун өкүмү менен 16 жыл 8 ай 15 күнгө эркинен ажыратылган. 2013-жылы рак болуп ооруган деп абактан бошотулуп, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.
Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адам шектелген. Алардын ичинен Алмазбек Атамбаевдин, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иши сотко өткөн.
Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айыпка жыгылган, Абдухалим Раимжановго дагы айып тагылып, жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, жаза алган эмес. Калыбек Качкыналиев эки жылга эркинен ажыратуу жазасы берилип, абакта отурган мөөнөтү кошуп эсептелип, сот залынан эркиндикке чыгарылган.
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча күнөөлүү деп табылып, ага да кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза берилген эмес.
2023-жылы 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыккан. Анда Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча өкүмүн жокко чыгарган. Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгууга уруксат берилген. Учурда Атамбаев Испанияда дарыланууда.
Сүрөттө: Алмазбек Атамбаев. Интернет булактарынан