​Батукаевдин бошотулушу: Экс-прокурор Жолдубаевага 5 млн сом айып салынды

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш аягына чыгып, өкүм угузулду.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев үй-мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл эки айга эркинен ажыратылды. Ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарынан, наамдарынан ажыратуу өкүмү чыкты.

Бул иште айыпталган мурдагы прокурор Индира Жолдубаевага беш миллион сом айып пул салынды. Индира Жолдубаева мамлекеттик сыйлык, чиндеринен ажыратлмай болду.

Улуттук гематология борборунун жетекчиси, академик Абдухалим Раимжановдун жаза мөөнөтү тергөө учурунда абакта жаткандыгы менен жоюлуп, жазадан бошотулду,

ЖАМК жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев эки жылга эркинен ажыратылып, камакта жаткан мөөнөтү эсептелип, камактан бошотулду.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адам шектелген.

Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча тергөө менен кызматташкандардын иши өзүнчө каралып жатат. Алардын катарында мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Шамил Атаханов, экс-башкы прокурор Аида Салянова, Жаза аткаруу кызматынын ошол кездеги башчысы, Жогорку Кеңеш депутаты Зарылбек Рысалиев, мурдагы судья Жапар Эрматов жана дарыгер Ирина Цопова баштаган 13 киши бар.

Булардын иши быйыл июнь айында Свердлов райондук сотуна жиберилди. Ал эми УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты