Аида Салянова Елисеевдин иши боюнча сотто күнөөсүз деп табылып, толук акталды
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 2025-жылы 8-апрелде, экс-прокурор, экс-юстиция министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан толук акталды. Бул тууралуу Аида Салянова Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.
«Убагында, саясий чечим токулуп, 2016-жылы бийликке каршы позицияны билдиргеним үчүн кылмыш иштери токулган. Андан бери 9 жыл өтүптүр, адвокатым Рабига Садыбакасовна (Сыдыкова-ред.) экөөбүз үчүн маанилүү чечим чыгып жатат. Бир чети кубанычтуу, бул чечимди 9 жыл күткөнбүз, 9 жылдан бери улам бир сотко келип жүрдүк. Елиссев боюнча Биринчи май райондук соту чекит коюп, күнөөсүз деп тапты, актоо чечими чыкты» деди Аида Салянова.
Ал эми Азиз Батукаевдин иши боюнча актоо чечими чыккан эместигин жана мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жоопкерчилик белгилебеген чечим чыкканын айтты:
«Негизи адилеттүүлүк жарым-жартылай болбойт деп айтышат го, тилеккке каршы Батукаев боюнча актоо чечими чыккан жок. Бирок сот анын мөөнөтү өтүп кетти деп, негиз кылып, жоопкерчилик койбой, мөөнөтү өткөн деп чечим чыгарды. Биз үчүн жарым-жартылай болду, биз актоону күткөнбүз. Бирок кандай болсо да, 9 жылдык жыйынтык бул дагы бир жеңиш. Алдыда дагы актыгымды далилдегенге болгон күчүмдү жумшайм» деп билдирди Салянова.
Ошондой эле аны колдогондорго жана адвокаттарга ыраазылык билдирди:
Эң негизгиси, 9 жыл бою мени колдоп, жылуу сөздөрдү жазып, күч-кубат берип турган сиздерге ыраазылыгымды билдиргим келет, адвокаттарым — Рабига эжеге, Чынара Жакупбекова, Улан Жумаков, Канатбек Азиз, Таалайкүл Токтакунова жардам берди, алардын абдан чоң мээнети болду. Экинчиден, көп адамдар сотко колдоп келип жатты, анын ичинде айрымдар өтүп да кетти, Чоро деген аксакал келип жатты эле ар бир сотко, ошол атанын туугандарына ыраазылык билдиргим келет. Ал киши мага эч ким эмес эле, бирок сотту калтырбай келип жатты, ошондой эле баарыңыздарга ыраазылыгымды билдирем,-деди Аида Салянова.
2017-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук соту кызмат абалынан пайдаланган деген айып коюп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен Аида Салянованы 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ошол кезде анын 2 жашар кызы болгондуктан, өкүмдү аткаруу жазасы 12 жыл кийинкиге жылдырылган эле.
Жогорку сот иши боюнча Ленин райондук жана Бишкек шаардук сотторунун чечимдерин күчүндө калтырган.
Белгилүү криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянова 2018-жылы 4-июнда камакка алынган. Кийинчерээк үй камагына чыгарылган.
Сүрөттө: Аида Салянова. Интернет булактарынан