Алматыда январь окуяларынан кийинки алгачкы митинг өттү

5-февралда Алматыда шаар акимдерин шайлоо жолу менен тандоону талап кылган жүздөн ашык адам митингге чыкты. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы кабарлады.

Илимдер академиясынын аянтында өткөн бул акция январдагы кандуу кагылышуудан кийинки Алматыдагы алгачкы митинг болуп калды. Ал калаа бийлиги менен макулдашылганына карабастан, акция өткөн аянтты полиция кызматкерлери курчоого алышты.

Январь окуяларында каза болгондорду эскерүү менен башталган митингдин катышуучулары акимдерди түз шайлоо жолу менен тандоону жана шаардын азыркы башчысын кызматтан алууну талап кылышты. Казак мыйзамдарына ылайык, бүгүнкү күндө республикалык маанидеги шаарлар менен облус башчыларын президент дайындайт.

Мындан тышкары акция катышуучулары саясий реформаларды жасоону талап кылса, айрымдары январда жөнөкөй тургундардын өлүмү үчүн жоопкерчиликти президент Касым-Жомарт Токаевге жүктөп, ал кызматтан кетиши керек экенин айтышты.

Митингге январь окуяларына байланыштуу кармалган жарандардын туугандары да катышты. Алар жакындары тергөө абактарында кыйноого кабылып жатканын билдирип, кармалгандардын баарын бошотууну талап кылышты.

Расмий маалыматтарга караганда, январь окуяларында 277 адам каза болгон. Бийлик өлгөндөрдүн тизмесин жарыялаган. Укук коргоочулар алардын арасында демонстрацияга, митингге тиешеси жок жөнөкөй жарандар да болгонун айтып жатышат.

31-январда Алматы шаарынын акими Бакытжан Сагинтаев кызматтан алынып, анын ордуна Улуттук банктын мурдагы төрагасы Ерболат Досаев дайындалган. Токаевдин бул чечимине көптөгөн шаардыктар нааразы болуп, Досаев кесипкөй эмес экенин билдиришкен.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда, андан кийин Алматы облусунда өзгөчө абал жарыяланды. 5-январда Казакстандын бардык аймагында өзгөчө абал киргизилген.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сураган. ОДКБ уюмунун аскерлери Казакстанга киргизилген.

Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалганы айтылган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты