Алматыда кармалган төрт кыргызстандык бошотулду

Казакстанда баш-аламандыкта кармалган төрт кыргызстандык бошотулду. Бул тууралуу Алматы шаарындагы башкы консул Назарали Арипов билдирди.  

Буга чейин айтылгандай, Алматыда кыргызстандык Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо, Абду-Рахим Жиншанло аттуу жарандар кармалган.  

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы жогоруда аталган төр кыргызстандыктын бошотулганын тастыктады.

«Азыркы учурда Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Джиншанло Алматыдан өз үйлөрүнө кое берилди. Аталган Кыргызстандын жарандары көп жылдар бою Алматы шаарында эмгектенип, иштеп жүргөндүктөрү белгилүү болгон. Ушул себептен, алар Казахстандын аймагында калышаарын билдиришкен» деп билдирди ИИМ басма сөз кызматы.

Алматынын борбордук аянтында 33 жаштагы Азис Мусаев жарат алгандардын бирине көмөк көрсөтүп жатып окко учканы маалымдалган. Ал 2016-жылдан бери коңшу өлкөдө фитнес-машыктыруучу болуп иштеп жаткан. Азиз Мусаевдин сөөгүн апасы менен агасы Кыргызстанга алып келген.

Казакстанда каза болгон дагы бир кыргызстандык Бахтияр Базарбаев каза тапкан.

Буга чейин Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кыргыз бийлигинин кийлигишүүсүнөн кийин бошотулуп, Кыргызстанга кайтарылган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Казакстанда тополоңго байланыштуу кармалгандардын саны 10 миңге чамалады.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу баш-аламандыкты «мамлекеттик төңкөрүш аракети» деп атаган. Тополоңдорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды «террорчулар» деп айткан.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Өкмөт отставкага кетип, айрым жогорку кызмат адамдары иштен алынды. Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты