Казакстанда окко учкан кыргызстандык Азиз Мусаевдин сөөгү Алматыда жерге берилет

  • 2 года мурун

Казакстандагы тополоң учурунда каза тапкан кыргызстандык Азиз Мусаевдин сөөгү Алматы шаарында жерге берилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Туугандарынын тандоосу боюнча маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Алматыда өтөт”, — деп айтылат маалыматта.

33 жаштагы Азис Мусаев Алматынын борбордук аянтында жараат алгандардын бирине көмөк көрсөтүп жатып окко учканы маалымдалган. Ал 2016-жылдан бери коңшу өлкөдө фитнес-машыктыруучу болуп иштеп жаткан.

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулу Назарали Арипов Казакстанда каза болгон дагы бир кыргызстандык Бахтияр Базарбаевдин сөөгүн алып кетүүгө уруксат берилгенин билдирген. Консулдун айтымында, Базарбаевдин жакын туугандары келгенден кийин сөөгү берилет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты