Asman Airlines Алматы – Тамчы — Алматы багыты боюнча жайкы каттам сезонун ачты
- 1 месяц мурун
Asman Airlines Алматы – Тамчы — Алматы багыты боюнча жайкы каттам маалын ачты. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” компаниясы билдирди.
Бүгүн, 10-июлда, Asman Airlines компаниясы Kompas туроператору менен бирге ушул сезондогу Алматы – Тамчы — Алматы багыты боюнча алгачкы эл аралык каттамды ийгиликтүү аткарды.
Жайкы программага ылайык, Тамчы — Алматы — Тамчы багыты боюнча каттамдар сентябрь айына чейин, жумасына эки жолу- дүйшөмбү жана жума күндөрү уюштурулат.
Сүрөт: «Кыргызстан аэропорттору» компаниясы
Муну бөлүшүү




