Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди беш жылга камакка алуу чечимин чыгарды

Бүгүн, 14-майда, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда жазуучу, публицист, журналист Олжобай Шакирдин соту болду. Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди беш жылга камакка алуу чечимин чыгарды.

Адвокат Акмат Алагушев Олжобай Шакирдин видеолору боюнча лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгын негизсиз деп, сотту көз карандысыз экспертиза жүргүзгөн Нуржан Нарынбаеванын эксперттик бүтүмүнө көңүл бурууга чакырды.

Мамлекеттик айыптоочу политологиялык экспертиза өз убагында жүргүзүлгөнүн, Азамат Жанышбек уулу бүтүм чыгарып бергенин билдирди.

УКМК Олжобай Шакирге кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгонун 2023-жылы 25-августта билдирген. Ал эми өткөн жылы 24-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда жазуучу жана активист Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасы жабык түрдө каралды. Сот Олжобай Шакирди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Андан кийин ал чечим узартылып турган.

Олжобай Шакир элди тынчтык митингине үндөгөн билдирүү жарыялаган деп айыпталууда. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган.

2023-жылы 17-августта Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берери тууралуу маалымат тараган. Анда Ысык-Көлдүн жээктеринде “Эне-Сай”, “Бостери”, “Алтын Жай” жана “Бустон” пансионаттары жайгашкан жерлер ижарага берилип, ал эми коңшу өлкө пансионаттарды реконструкциядан өткөрөрү айтылат. 

Сүрөттө: Олжобай Шакир сотто. 14-май 2024. «ПолитКлиника»

Видео: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты