Афтандил Жоробеков 2024-жылдын 7-февралына чейин абакта калтырылды

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 25-декабрда, Бишкек шаардык сот жарандык активист Афтандил Жоробековдун ишин карап, аны 2024-жылдын 7-февралына чейин абакта калтыруу чечимин кабыл алды.

7-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду милиция суракка чакыргандан кийин камаган. 

Анын бөгөт чарасын Бишкектин Свердлов райондук соту 8-декабрда кечинде карап, эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Ушундан кийин адвокаттары шаарлык сотко кайрылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жоробековго кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш ишин козгогон.

Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы жарандык пикирин айтып, каршы турууга чакырганы үчүн активист Афтандил Жоробековго кылмыш иши козголуп, камалганын сынга алды. Уюм кыргыз бийлигинин бул кадамын жарандардын ачык пикирин билдирүүсүн жана тынч чогулуу укугун чектөө деп билдирди. Human Rights Watch уюму Афтандил Жоробековдун камалышы Кыргызстанда адам укугунун абалы начарлап бараткан учурга туш келгенин белгиледи.

22-декабрда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү мыйзам долбоорун талкуусуз, дароо экинчи, үчүнчү окууда кабыл алды. Ага 59 депутат макул болуп, 5 депутат каршы чыкты.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи элдик курултайдын акырында мамлекеттик тууну өзгөртүү идеясын Шакиевге айтканын, андыктан Шакиевди эмес “мени тепкилегиле” деп билдирди.

9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта тууну өзгөртүүгө каршы акция өттү

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты