Желек. Жоламан жана анын айткандары боюнча жектеген бийлик өкүлдөрү

21-декабрда, Жогорку Кеңеш тарабынан мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынган күндүн эртеси, туунун тегерегиндеги талаш жана талкуулар басаңдаган жок.  

Парламенттин сессиясында туу боюнча мыйзам долбооруна добуш бербей калган же жыйынга катыша албай калган депутаттар биринен сала экинчиси чоң трибунага чыгып, эч ким сурабаса да, өз себептерин жана колдоосун баса көрсөтүп кетишти. Гүлхан Молдобекова шайлоочулар менен жолугушуудан улам, добуш бере албай калганын, бирок тууну өзгөртүүнү жактаарын айтса, Азамат Исраилов да өзгөртүүнү колдой турганын, Арсланбек Малиев көк асаба киргизүүнү жактаганы менен, түпкүлүгүндө тууну өзгөртүүгө макул экенин, Данияр Төлөнов компьютери иштебей калып добуш бере албаганын, бирок өзгөрүүнү колдой турганын жарыя кылышты.

Башка мыйзам долбоорлору кабыл алынган учурларда, добуш бербей, жыйынга келбей же кечигип калганын депутаттар трибунадан айтып, актангандарын уккан эмес элек, мынчалык актанууга аларга эмне күч келгени таң калыштуу.  

Жоламан жана аны жектегендер

Ал ортодо күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков желекти өзгөртүү боюнча журналисттердин суроосуна жооп берип, “ Алдыдагы жеңиштерге эски тууну эле көтөрүп чыгам” деп өзгөртүүгө каршы экенин билдирди.

Ошол замат, чагылгандай тездик менен, бийлик өкүлдөрү айтылуу спортчунун айткандарына карата акаарат сөздөрүн келтире баштады. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев спортчунун билдирүүсүнө жазган комментарийинде “чыгып эле көрсүн” деп коркутуп өттү.    

Желек. Жоламан жана анын айткандары боюнча жектеген бийлик өкүлдөрү

Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Камчыбек Ташиевдин Жоламан Шаршенбековдун айтканына карата пикири боюнча тасманы бөлүшүп:

“Мамлекеттин колдоосун алып, сыйын көрүп, кайра саясатка мурдун тыгып, бузукулук кылгандарга жооп” деп Фейсбук баракчасына жазды.

Желек. Жоламан жана анын айткандары боюнча жектеген бийлик өкүлдөрү

Ал эми ар бир адамдын ой-пикир айтуу эркиндиги бар экенин, Жоламанды колдогон социалдык тармактардагы көптөгөн пикирлердин кийин, мурда айтылгандарды жымсалдагандай, бийлик тараптан  дагы бир пикир орун алды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбук баракчасында Жоламан Өзбекстанда машыгууда экенин, аны менен сүйлөшкөнүн жана “журналисттер спортчунун сөзүн контексттен жулуп алып, чоң саясат, сенсация болуп кеткенине өзү таң калып жатат” деп билдирди.

Жоламандын “сөзүн контексттен жулуп алган журналисттер” күнөөлүү болсо, анда УКМК төрагасы “чыгып эле көрсүн” деп Жоламанды неге коркутту? Президенттин басма сөз катчысы “Мамлекеттин колдоосун алып, сыйын көрүп, кайра саясатка мурдун тыгып, бузукулук кылгандарга жооп” деп Жоламанды эмнеге жектеди? Бийлик өкүлдөрү айткан-айтпаганды, чын-төгүндү тактабай туруп, опурула берсе болобу?

Туунун тегерегиндеги талкуулар

Социалдык тармактарда буга чейинки тууну жактаган ой-пикирлерди, фактыларды эмнеге талдап, таразалап көрүшкөн жок?

Эмне себептен президент курултайдын катышуучуларынын, бир ууч топтун алдында, “мен үчүн кабыл алып берип койгула?!” деп аларды сөзгө муютту? “Асангазы жезделердин” эзелки пикири эми эске келдиби же тууну өзгөртүүнүн башка максат-тилектери барбы? Же тууну башка бир планетанын кишилери “сөзсүз өзгөрткүлө” деп кыйнап жатты беле?

Парламентте да курултайдан кийинки президенттин сөзүнө шадыраңдаган Шакиев Примов менен жазган мыйзам долбоорун эч кандай үн-сөзү, талкуу, талашы жок депутаттарга жактатып алууга жетишти..

Ал эми колдонуудагы туунун уңгу-өзөгүн, тек-жайын, философиясын тынбай айтып-деп жаткандарга бийлик кулак салып койбоду.  

Ошол тууну кабыл алган легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов тууну алмаштыруу боюнча азыркы чечим туура эмес болгонун билдирди.

Элдин ой-пикирин укпай коюу, шагын сындыруу ырым-жырымга эле байланыштуубу же башка дагы сыры барбы?

Калың эл Эгемендик туусун жакын көрүп “Сени менен коштошпойбуз, көрүшкөнчө” деп айтып, социалдык тармактарга жазып жатышат. Калың элдин пикирин укпай коюу, элдин назарынан калуу эң жаман жышаан эмеспи!  

Сүрөттө: Жоламан Шаршенбеков    

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты