Акыйкатчы институтунун кызматкерлери УКМК абагындагы Тилекмат Куренов менен жолугушту  

  • 3 недели мурун

Акыйкатчы институту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында кармалган жарандардын укуктарынын сакталышына  мониторинг жүргүздү.

Маалыматта институттун кызматкерлери тергөө абагындагыларды кармоо шарттарын текшерип, кармалган жарандар менен маектешти. Алар кармоо шарттарына жана кызматкерлердин аракеттерине нааразычылыктарын билдиришкен эместиги айтылат.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Мониторинг учурунда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жазык кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») боюнча айыпталып жаткан Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) менен дагы жолукканы айтылат.

Тилекмат Куренов менен бирге камерада дагы эки киши кармалууда. Тилекмат Куренов УКМКнын СИЗОсунда укуктары бузулгандыгына даттанган эмес.

21-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту активист Тилекмат Куреновдун бөгөт чарасын карап, аны 2025-жылдын 19-майына чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тараткан маалыматка ылайык, 19-апрелде  конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн К.у.Т. аттуу КР жараны БАЭден  кармалып, Кыргызстанга жеткирилди (Кудайберген уулу Тилекмат. Куренов -ред.).

Буга чейин Тилекмат Куреновго байланыштуу адамдар кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде каралган массалык башаламандыкка шектелип кармалгандыгын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирген.

Активист Тилекмат Куренов 2021-жылы 15-мартта кармалган. Соттун чечими менен Тилекмат Куренов бийликти күч менен басып алууга үндөө беренеси (кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту) боюнча 1 жылга эркинен ажыратылган.

Сүрөттө: Тилекмат Куренов. УКМК тараткан сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты