Активист Афтандил Жоробековдун иши боюнча кийинки сот отуруму 20-мартта өтөт

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 18-мартта, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда активист Афтандил Жоробековдун соту өтүп, күбөлөр суралды.

Үч күбө 9-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча митинг тынч өткөнүн айтты.  Айыптоочу тараптан өкүл бир катар суроолорго жооп берди.

Жоробековдун иши боюнча кийинки сот отуруму 20-мартка белгиленди.  

2023-жылы 7-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду милиция суракка чакыргандан кийин камаганИчки иштер министрлиги (ИИМ) Жоробековго кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш ишин козгогон.

Өткөн жылы 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта тууну өзгөртүүгө каршы акция өттү.

Өткөн жылдын 25-декабрында Бишкек шаардык сот жарандык активист Жоробековдун ишин карап, аны 2024-жылдын 7-февралына чейин абакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Ушул жылдын 29-февралында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Автандил Жоробековдун соттук отуруму өттү. Анда Жоробековго айыбы угузулуп, мамлекеттик айыптоочу Абасканова кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык айып тагылганын билдирди.

Эксперт Нурлан Сакпаев келбегенине байланыштуу соттук отурум 12-мартка жылдырылган.

Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы жарандык пикирин айтып, каршы турууга чакырганы үчүн активист Афтандил Жоробековго кылмыш иши козголуп, камалганын сынга алды. Уюм кыргыз бийлигинин бул кадамын жарандардын ачык пикирин билдирүүсүн жана тынч чогулуу укугун чектөө деп билдирди. Human Rights Watch уюму Афтандил Жоробековдун камалышы Кыргызстанда адам укугунун абалы начарлап бараткан учурга туш келгенин белгиледи.

2023-жылы 22-декабрда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду

Өткөн жылдын 20-декабрында Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү мыйзам долбоорун талкуусуз, дароо экинчи, үчүнчү окууда кабыл алды. Ага 59 депутат макул болуп, 5 депутат каршы чыкты.

Сүрөттө: Афтандил Жоробеков сотто. 18-март 2024-жыл. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты