ИИМ активист Афтандил Жоробековдун кармалышы боюнча маалымат таратты

  • 5 месяцев мурун

Ички иштер министрлиги (ИИМ) активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасоого шектелип кармалганын кабарлады.

Милициянын маалыматында шектүү социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу «республикада коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана массалык башаламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасаганы» айтылат.

ИИМ Жоробековдун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, жалпы баасы 3 миллион сомдон ашык техникалык каражаттар табылганын белгиледи. Алардын арасында бир нече уюлдук телефон, ноутбуктар, планшеттер, компьютер, фотоаппарат жана флешкарталар болгон.

«Ыкчам маалыматка ылайык, шектүү А.Ж. көптөгөн техникалык каражаттарды «Temirov Live» жана башка чет өлкөдөн каржыланган блогерлер менен биргеликте колдонуп, коомдун оюн терс жакка бурмалоо жана республикадагы кырдаалды туруксуздаштыруу максатында уюштурган«, — деп жазылат милициянын маалыматында.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык баш аламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктарга) менен кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүп жатканы айтылат маалыматта:

«Азыркы учурда, шектүү А. Ж. көптөгөн техникалык каражаттарды кандай максатта топтогон, ишмердүүлүгү кимдер тарабынан каржыланган жана ал менен биргеликте баш аламандыкты уюштурууга аракет кылган байланыштары такталууда«.

Белгилей кетсек, активист Афтандил Жоробеков туунун өзгөрүүсүнө каршы акция өткөрүү тууралуу социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазган.

2-декабрда Жоробеков милицияда үч саат сүйлөшүүдө болгонун, андан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде дагы сурак берип чыкканын билдирген.

Ал 7-декабрда кармалып, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты