Актилек Капаров абактан жазган катында каны сүртүлгөнүн айтканын адвокаты билдирди

  • 2 месяца мурун

«Темиров-лайв» жана «Айт-айт-десе» долбоорлорунун мурдагы кызматкери Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матисаков Актилек Капаров абактан жазган катын 28-майда соттук процесстен кийин берип жибергенин жана каны сүртүлгөнүн айтканын, бирок колунун кайсы жери кесилгенин билбей турганын “ПолитКлиника” медиасына билдирди.

Буга чейин Актилек Капаровдун абактан жазган каты жарыяланган. Анда Капаров “Темиров лайв” жана “Айт-айт-десе” долбоорлору боюнча айып коюлган видео тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин, аталган долбоорлордо 2023-жылдын август айынан бери иштебей калганын айткан.

Өзүнө журналисттик ишмердигине байланыштуу, жогорку кызматтагы адамдардын коррупциялык иштерин ачып бергендиги үчүн айып коюлуп жаткандыгын билдирди.

-Абакта СИЗО-1 Махабат Тажибек кызынын, УКМК убактылуу абак жайында Аскат Жетигендин сабалганын эске алып, менин өмүрүмө жана ден соолугума президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманбек Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ИИМ министри Улан Ниязбеков жооптуу болот,-деп билдирген Капаров.  

Ошондой эле ал абакта колун кескенин, өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчилик кимдерде болорун айтып өттү.

Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров Бишкектеги №1 тергөө абагында сабалды деген Temirov Live жана «Айт айт десе» долбоорлорунун жетекчиси, жубайы Махабат Тажыбек кызынын сүрөттөрүн Фейсбук баракчасына жарыялады.

Жаза аткаруу кызматы “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору, төрт айдан бери тергөө абагында отурган Махабат Тажыбек кызы Бишкектеги №1 тергөө абагында ур-токмокко алынды деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгилеген. Маалыматка караганда, 5-апрелде Махабат Тажыбек кызы отурган камерадагы бир аялды башка камерага которуу учурунда тергөө абагында отургандар кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартып, каршы чыгышкан.

16-январда «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын, бардыгы 11 кызматкердин үйүндө тинтүү болуп, өздөрү ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып келинген.

ИИМ медиа кызматкерлери кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар)  үчүнчү бөлүгү боюнча  (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Алардын бир тобу үй камагына чыгарылган.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты