ЖАК абакта Тажыбек кызы сабалды деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди

  • 2 месяца мурун

Жаза аткаруу кызматы “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору, төрт айдан бери тергөө абагында отурган Махабат Тажыбек кызынын сабалганы тууралуу маалыматтарга комментарий берди.

Мекеме журналист Бишкектеги №1 тергөө абагында ур-токмокко алынды деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгилеген. Маалыматка караганда, 5-апрелде Махабат Тажыбек кызы отурган камерадагы бир аялды башка камерага которуу учурунда тергөө абагында отургандар кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартып, каршы чыгышкан.

«Тажыбек кызы, башка соттолуучулар менен бирге абактагы аялдарды дагы нааразычылыкка жана баш ийбөөгө чакыра баштаган. Аталган факты белгиленген тартипте каттоого алынган. Медициналык кароодон өткөндө Махабат Тажыбек кызынын колунда жана билегинде кызарган тактар аныкталган. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында камералаштары өзүнүн өтүнүчү боюнча сабап, атайылап ырайымсыз мамиле жасашканы аныкталган» деп жазылган Жаза аткаруу кызматынын маалыматында.

Аталган мекеме кызматкерлер айыпталуучуну уруп-сабаган жана психологиялык басым жасаган учур болбогонун жазган.

Мунун алдында Орусияга Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров жубайы Махабат Тажибек кызы Бишкектеги №1 тергөө абагында ур-токмокко алынгандан кийин тартылган деген сүрөттөрдү жарыялаган. 6-апрелде да Темиров Махабат Тажибек кызын жана аны менен тергөө абагында чогуу отургандарды убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери ур-токмокко алганын билдирген.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Кийин редакция кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.

9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумовдун, Тыныстан Асыпбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Ошентип, камакка алынган 11 журналисттин төртөө – “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.

Сүрөттө: Махабат Тажыбек кызы. «ПолитКлиника» медиасы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты