7 миң АКШ доллары менен кармалган адвокат тергөө абагына киргизилди
- 8 месяцев мурун
- Видео
24-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-пунктунда каралган кылмыштын белгилери менен козголгон кылмыш иши боюнча арыз ээси болгон жарандан 7000 АКШ долларын алып жаткан жеринен адвокат А.С.А. кармалды.
Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, адвокат Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишинин оң чечилиши үчүн арыз ээсинен 7000 АКШ долларын опузалап талап кылган.
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун санкциясынын негизинде А.С.А. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




