Болот Темиров Махабат Тажыбек кызынын тергөө абагында сабалгандан кийинки сүрөттөрүн жарыялады

  • 2 месяца мурун

Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров Бишкектеги №1 тергөө абагында сабалды деген Temirov Live жана «Айт айт десе» долбоорунун жетекчиси, жубайы Махабат Тажыбек кызынын сүрөттөрүн Фейсбук баракчасына жарыялады.    

6-апрелде социалдык тармактарда Temirov Live жана «Айт айт десе» долбоорунун жетекчиси Махабат Тажыбек кызынын тергөө изоляторунда ур-токмокко кабылганы айтылган. Ошондой эле ал арызында, аны менен бир камерада отургандар да тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан сабалганын билдирген. Булар Акыйкатчы басма сөз кызматынын билдирүүсүндө айтылат.

Жаза аткаруу кызматы Болот Темировдун маалыматын төгүндөп, басма сөз катчысы Ызаат Тургунбаева тергөө абагынын кызматкерлеринин абакта отургандарга кол көтөрүүгө укугу жоктугун билдирди.

1-апрелде Бишкек шаардык соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызын эки айга камоо боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

16-январда «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын, бардыгы 11 кызматкердин үйүндө тинтүү болуп, өздөрү ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып келген.

ИИМ медиа кызматкерлери кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар)  үчүнчү бөлүгү боюнча  (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камалганын кабарлаган.

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын 11 кызматкерин эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Алар – «Темиров LIVE» редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, «Нур пресс» медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, «Темиров LIVE» редакциясынын, «Айт, айт десе» долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, «Темиров LIVE» редакциясынын мурдагы журналисти, учурда «Арча Медиада» (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр «Алга Медианы» иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында «Темиров LIVE» каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып «ПолитКлиникада» иштеп жаткан Тыныстан Асыпбеков.

Булардын арасынан бир катары үй камагына чыгарылган.

5-февралда Бишкек шаардык соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызынын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

Сүрөт: Махабат Тажыбек кызынын сабалгандан кийинки сүрөттөрү. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты