Бообек Ажикеев эки айга камакка алынды
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Экс-өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Чечимге ылайык, Бообек Ажикеев 18-ноябрга чейин камакта болот.
Аскер прокуратурасы тарабынан кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кармалганы маалымдалган.
Башкы прокуратуранын маалыматында айтылгандай, Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдары тарабынан «Байтик» метеостанциясынын аймагында кызматтык-тиричилик багытындагы имараттын мыйзамсыз курулганы аныкталган.
Сүрөттө: Бообек Ажикеев. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




