Адахан Мадумаров: «Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу бийлиги катары жок болуп баратат»
- 1 год мурун
Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу бийлиги катары жок болуп баратат.
Мындай пикирин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Азаттыкка” берген маегинде айтты.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара келишими тууралуу Жогорку Кеңеште өз оюн айткандан кийин “Ыйман нуру” фракциясынан чыгарылган жана мандатын алуу боюнча маселе көтөрүлгөн Султанбай Айжигитов тууралуу комментарий берип Мадумаров мындай деди:
“Мыйзам чыгаруу бийлиги бийликтин бир бутагы катары кыйылат. Жок болот. Азыр ошондой. Жогорку Кеңештин депутаты сунуш кылып жатат деген мыйзам долбоорун “тигил жактан” эле сунуштап сенин атыңдан кетип калсын” деген эле маселе менен иш жүрүп жатат”, — деди Мадумаров.
Ал парламентте депутаттар пикирин ачык айтууга укугу бар экенин, ал ошол шайланарын билдирди.
“Мыйзам чыгаруу бийлиги бийликтин бир бутагы катары кыйылат. Жок болот. Азыр ошондой. Жогорку Кеңештин депутаты сунуш кылып жатат деген мыйзам долбоорун “тигил жактан” эле сунуштап сенин атыңдан кетип калсын” деген эле маселе менен иш жүрүп жатат” деди Мадумаров.
«Сен мага жакпайсыңбы, мен сенин мандатыңды алам деген сөз».
Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Султанбай Айжигитов “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе Ворух анклавына коридор ачыларын» айткан.
Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин жыйынында “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Динара Ашимова кыргыз-тажик чек арасы боюнча Султанбай Айжигитов фракциянын эмес, жеке пикирин билдиргенин айтты жана анын айткандары боюнча маселе фракция жыйынында караларын айткан. «Ыйман нуру» фракциясы депутат Султанбай Айжигитовду фракциянын курамынан чыгарылган.
Сүрөттө: Адахан Мадумаров. Интернет булактарынан




