Адахан Мадумаров тинтүү учурундагы 150 миң доллардын чоо-жайын айтты

  • 1 месяц мурун

“Чалкан медиа” деп аталган Фейсбук аккаунту аркылуу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, белгилүү оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун үйүн 22-ноябрда тинтүүдө 150 миң АКШ доллары табылгандыгы тууралуу видео Интернетке 11-декабрда тараган.

Ошол учурда Адахан Мадумаровдун үйүн башка саясатчы, депутаттар, активисттер менен катар массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык беренесинин алкагында тинтүүгө алышкан.

11-декабрда Адахан Мадумаров жалпыга маалымдоо каражаттарына акча үйдү сатуудан түшкөнүн, бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматындагы сатуу жана сатып алуу келишимдери бар экенин билдирген. Ошол тинтүү учурунда да айтып бергенин кошумчалаган.

“Ортончу уулум батирин саткан, Мамлекеттик каттоо кызматындагы сатуу жана сатып алуу келишимдеринен бери турат. Булар эми спектакль ойнойт. Маалымат булагы өзүбүздүн колубузда, каалагандай таратабыз, андан кийин актанып жата бер деген саясат» деп билдирген Би-Би-Сиге Адахан Мадумаров.

Ал эми таратылган тасмада Мадумаров акчанын булагын айта алган эместиги айтылат.  

2025-жылдын 22-ноябрында болжол менен эртең мененки саат 07:00 чамасында укук коргоо органдары белгилүү оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн. Тинтүүнүн жүрүшүндө үйдөгү сейф, камера, ноутбук, компьютер, уюлдук телефондор жана башка жеке буюмдар алынган.

Тинтүү процесси саат 12:00дө аяктап, Адахан Мадумаровду укук коргоо кызматкерлери тарабынан белгисиз тарапка алып кетишкени кабарланган. Ушул эле күнү, болжол менен саат 15:00дө, укук коргоо органдары Мадумаровдун уулу Нурмухаммед Мадумаровду жана анын жубайын да белгисиз тарапка алып кетишкендиги айтылган. Мадумаровдорду сурактан кийин бошотушкан.

Ошол күнү Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин  уулу Кадырбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Эрмек Эрматов жана Урмат Барыктабасов кармалган. 23-январда жогоруда атлагна адамдардын бөгөт чарасы каралып, 17-январга чейин камакка алынды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 22-ноябрь түнү билдирди.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кармалгандар: 1963-жылы туулган А. У., 1998-жылы туулган С.Т., 1979-жылы туулган А.Ш., 1983-жылы туулган Э.Э., 1984-жылы туулган М.Д., 1986-жылы туулган Ш.Т., 1993-жылы туулган А.К., 1993-жылы туулган А.уЭ., 1993-жылы туулган К.Н. жана 1970-жылы туулган К.К. Аларга кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б. коштолгон массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сүрөттө: Адахан Мадумаров. Интернет булактарынан  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты