Кыргыз-тажик чек арасынан бодо малды мыйзамсыз ташыгандар кармалды
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 26-ноябрда, чек арачылар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 67 баш бодо малды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюшту.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чеч-Дөбө жергесинде мамлекеттик чек ара сызыгынан болжол менен 1000 метр аралыкта беш кишиден турган топ малды мыйзамсыз айдап өтүп жатканы аныкталган.
Ыкчам чаралардын жыйынтыгында чек арадагы кезметтеги кызматкерлер тарабынан аткезчилик жол менен өткөрүлүүгө божомолдонгон 67 баш бодо мал кармалды.
Кармалган мал мындан аркы процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүшү үчүн белгиленген тартипте чек ара тарамына алынып келинди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




