“Ач кулактан тынч кулак”. Энергетика министри майнинг-фермалардын электр энергиясы өчүрүлгөнүн билдирди   

Энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөдө эки майнинг-ферма бар экенин, алардын экөөнүн тең электр энергиясы марттын аягына, апрелге чейин өчүрүлгөнүн билдирди.

-Мыйзам чегинде эки майнинг-ферма бар. Улуттук электр тармактары менен келишим түзүп, энерго көзөмөл кызматы аларга наряд берип, электр энергияга кошот. Эки майнинг-ферманын экөө тең бүгүнкү күндө өчүрүлгөн. Булар электр энергияны Россиядан алып жатканына байланыштуу (алар бизден электр энергия алган жок), улутттук электр тармактарына транзит төлөчү. Ошол бүгүнкү күндө экөө тең өчүрүлгөн. Бул өзгөчө көзөмөлдө турат. Бизге электр тармактарына транзитке 22 млн сом төлөп берчү. Бул 240 миң доллардын тегерегинде, алар иштеген 2023-жылдан бери. Булар инвестор да, бизде мыйзам бар, майнингге уруксат, салык, электр энергия төлөп жатат. Коомчулук ушул майнинггден кетип атат дейт. Коомчулукка көрсөтөлү, майнинг өчүп турганда генерация жетпей жатат. Элдин баары электр энергиясы ошол жакка кетип жатат дейт. Кыргыздарда айткандай, “Ач кулактан тынч кулак”. Өчүп тургула деп, өчүрүп койдук. Кошумча энергия менен элибизди 5 киловатт камсыздаганда, ошондо ойлонобуз. Марттын аягына, апрелге чейин деп өчүрдүк,-деди энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев энергетикалык кризисти баштан кечирип жаткан кезде майнинг-фермаларды активдүү колдоп жатканын сынга алган.

Чектөө киргизүү шартында Кыргызстандын улуттук электр тармактары «Чексиз тарифин» киргизүүнү сунуштаган. Чексиз тарифи менен электр энергиясы чектөөсүз берилип, киловатт-саатына 3,81 сом болмок. Бул коомчулук арасында сынга алынып, нааразылыктарды жараткан.

Президент Садыр Жапаров мындай сунуштар электр энергиясынын тартыштыгы шартында кабыл алынбашы керектигин белгилеп, бул багыттагы ишти токтотууну жана жарандар үчүн электр энергиясынын адилеттүү жана бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоону тапшырган.

Энергетика министрлиги электр энергиясынын «чексиз тарифин» сунуштагандарга чара көрүлүп, жазага тартылганын маалымдаган.  

Сүрөттө: Таалайбек Ибраев. Интернет булактарынан

       

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты