Абактан кат: Бекназаров «Кумтөр» боюнча коомдук комиссиянын эки мүчөсүн камактан бошотууну өтүндү   

  • 2 года мурун

Камакта жаткан саясатчы Азибек Бекназаров Президент Садыр Жапаровго кат жазып, “Кумтөр” боюнча коомдук комиссиянын эки мүчөсүн -Айданбек Акматов менен Айбек Бузурманкуловду абактан чыгарууну өтүндү.  

Катта Азимбек Бекназаров буларды белгиледи:

-Мага жеткен маалыматтарга караганда “Кумтөр” алтын кенине, андан өндурулгөн кен байлыктарына (алтын, күмүш, коргошун ж.б.) байланыштуу талаш-тартыш маселелер боюнча парламенттик атайын комиссия түзүлүп, ишин баштаптыр.

Сиздин ушул маселе боюнча “мейли коомдук, депутаттык комиссиялар түзүлсүн, изилденсин” — деген кайрылууңуздан улам, биз дагы коомдук комиссия түзүп, сизге анын тизмесин расмий берген элек. Ошол коомдук комиссиянын үчөө (бардыгы 7 адам) азыркы мезгилде СИЗО-1де камакта олтурат (А.Бекназаров, А.Акматов, А.Бузурманкулов).

Өлкөбүз бир, проблемаларыбыз да бир. Аны чечүүгө баарыбыз кызыкдарбыз. Болгону аны чечүү боюнча ойлор, пикирлер, жолдор башка. Көп маселе бийлик тарабынан жабык, күмөн санаган жагдайда чечилип, айтылып жатканынан улам, кайчы пикирлер жаралууда. Аны чечүү үчүн Кумтөр маселеси боюнча түзүлгөн коомдук комиссия, парламенттик комиссия Кумтөр маселеси боюнча толук кандуу иликтөө жүргүзүлбөсө ,коомчулукта кайчы пикирлер кала берет. Себеби парламент деле мамлекеттик бийлик бутактарына кирет жана Кумтөр маселесиндеги проблемаларды контролдоо алардын милдетине кирген жана кирет. Көп маселе боюнча, өзүн-өзү текшергендей эле болот.

Ал эми коомдук комиссиянын орду бул көп жылдык талаштуу кайчы пикирлерге чекит коюуда бейтарап болуп, анын чыгарган тыянагы приоритеттүү болмокчу. Ошого байланыштуу Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн коомдук комиссиянын эки мүчөсүн Айданбек Акматов менен Айбек Бузурманкуловду камактан бошотуп, парламенттик комиссия менен бирдей эле коомдук комиссияга да шарт түзүп, коомдук комиссияны толук кандуу аткарганга мүмкүнчүлүк түзүүгө көмөк көрсөтүүнү өтунөм, -деп айтылат катта.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-24-октябрда жапырт кармалып, калайман башаламандык уюштурууга даярданган деген шек менен эки айга камакка алынган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) ишти кылмыш кодексинин «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен тергеп жатат. Бул берене менен камалгандардын саны 26га жетти.

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.

Кыргызстандан алтынды башка мамлекеттерге чыгарып кетүүнүн чоо-жайын текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Комиссиянын курамына депутаттар Жанарбек Акаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Нурланбек Шакиев, Нилуфар Алимжанова, Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Надира Нарматова, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Максат Сарыбагышев, Арсланбек Малиев, Шайлообек Атазов кирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты