Өлкөдөн 19 тонна алтындын тышка чыгарылышы боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

  • 2 года мурун

Кыргызстандан алтынды башка мамлекеттерге чыгарып кетүүнүн чоо-жайын текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Мындай чечим Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында кабыл алынганын депутат Жанарбек Акаев «Азаттыкка» билдирди.

Комиссиянын курамына депутаттар Жанарбек Акаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Нурланбек Шакиев, Нилуфар Алимжанова, Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Надира Нарматова, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Максат Сарыбагышев, Арсланбек Малиев, Шайлообек Атазов кирди.

«Центерра Голд» компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алып, ишкананы сырттан башкаруучу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган. Аны 13-сентябрда Башкы прокуратура Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу айыптап, камакка алынган.

Кумтөрдүн алтыны боюнча “Азаттык” 26-августта макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы белгиленген.

27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров кайсы убакта кайсы өлкөгө канча алтын сатылып жатканы жөнүндө маалымат ачыкталбай турганын билдирген. Ал «Кумтөр» баштаган бардык кендердин алтынын «Кыргызалтын» аркылуу Улуттук банк сатып аларын, аны чет өлкөгө алып барып, дүйнөлүк биржада сатып келип, кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турарын, жылдын аягында «Кумтөрдөн» таза киреше казынага келип түшөрүн айткан.

Кийин Инстаграммдагы kg_novosti баракчасына президент Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаровго окшош адамдын алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөтү тарап, коомчулукта талкуу жараткан.

«ПолитКлиника» медиасы бул сүрөт Түркиядагы алтын аффинаждоочу Ahlatcı Metal Rafineri ишканасында тартылганын аныктаган.

Садыр Жапаров 8-сентябрда агасы алтын иштери боюнча Түркияга барганын тастыктап, мындан чуу жаратуунун зарылдыгын көрбөй турганын айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты