Нарында чоң аюу тасмага түшүрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун егерлери тоолуу аймактардагы рейддик иш чара учурунда чоң аюуну жана 30га жакын эчки-текелерди видео тасмага түшүрүшкөн. 

Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Бул жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жапайы жаныбарлардын жашоосу үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтөт.

Мамлекеттик жаратылыш коруктары жапайы жаныбарлардын табигый жашоо чөйрөсүн сактоодо, алардын эркин көбөйүп, жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүүдө өзгөчө мааниге ээ.

Сүрөт: Жаратылыш ресурстары министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты