Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу зыйнаты өттү
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 10-июнда, мурдагы Ички иштер министри, милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы баш прокурор Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу зыйнаты өттү.
Мыктыбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатууга анын туугандары жана жакындары, достору, кесиптештери, ички иштер органдарынын ардагерлери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомчулук өкүлдөрү келишти.
Коштошуу зыйнатынын катышуучулары Мыктыбек Юсуповичтин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын өнүктүрүүгө, мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти чыңдоого кошкон зор салымын, ошондой эле анын көп жылдык ак ниет ммлекеттик кызматын белгилешти.
Өмүрүн элге жана мамлекетке кызмат кылууга арнаган Мыктыбек Абдылдаевдин жаркын элеси аны тааныган, бирге иштеген жана кызмат өтөгөн адамдардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Мурдагы ички иштер министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев 73 жашында көз жумду.
Бийлик өкүлдөрү коомдук жана мамлекеттик көрүнүктүү ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир нече чакырылышынын депутаты, милициянын генерал-лейтенанты Мыктыбек Абдылдаевдин дүйнөдөн кайтышына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтты.

Сүрөт: ИИМ
Баш сүрөт: gov.kg




