Журналист, акын Азамат Ишенбеков №8 абакка которулду
- 2 недели мурун
“Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери, беш жылга эркинен ажыратылган акын Азамат Ишенбеков жазасын өтөө үчүн Чүйдүн Петровка айылындагы №8 абакка которулду. Бул тууралуу “Азаттык” журналисттин адвокаты Нурсултан Жаныбековго шилетеме берип, жазып чыкты.
Азамат Ишенбековдун Юстиция министрлигине караштуу жаза аткаруу кызматынын атайын комиссиясынын чечими менен жаза аткаруу кызматынын №8 мекемесинде жазасын өтөй турганы белгиленгени 31-декабрда айтылган.
8-декабрда Бишкек шаардык сотунда журналисттер Махабат Тажыбек кызы, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева жана Актилек Капаровдун иши боюнча сот улантылды. Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.
Журналист Махабат Тажыбек кызы тергөө абак жайынан аялдар абагына которулган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылдын 16-январында көз карандысыз бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, суракка алынып барышы боюнча маалымат тараткан. 12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык, “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери бар деп аныкталган.
Журналисттер 278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелүүдө. Бул берене боюнча жаза 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Сүрөт: интернет булактары