Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Роза Айтматова менен коштошуу зыйнаты өттү
- 2 дня мурун
- Баяндар, Фоторепортаж
Бүгүн, 28-октябрда, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагынын эмгек сиңирген кызматкери Розетта (Роза) Төрөкуловна Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.
Роза Айтматова 2026-жылдын 26-октябрында 89 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал мамлекеттик жана коомдук ишмер Төрөкул Айтматовдун кызы, дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы болгон.
Розетта Төрөкуловна өмүрүн илимге, билим берүүгө жана коомдук ишмердикке арнап, кыргыз элинин руханий жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Анын илимий изденүүлөрү, билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги жана коом алдындагы жоопкерчилиги көпчүлүккө үлгү болуп калды.
Аза күтүү иш-чарасына мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, экс-президент Роза Отунбаева, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Роза Акназарова, Рыскелди Момбеков, Кайрат Иманалиев, маркумдун туугандары, жакындары, кесиптештери, замандаштары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар сөз сүйлөп, Роза Төрөкуловнанын бийик адамгерчилигин, жөнөкөйлүгүн, эмгекчилдигин жана коомго болгон ак кызматын өзгөчө белгилешти.
Ошондой эле анын өрнөктүү өмүр жолу, илим-билимге кошкон салымы, жаш муундарды тарбиялоодогу орду жана кыргыз элинин руханий мурасын сактоого кошкон салымы тууралуу жылуу эскерүүлөрүн бөлүштү.
Катышуучулар маркумдун жаркын элесине таазим этип, анын жакындарына көңүл айтышты.
Роза Төрөкуловнанын өрнөктүү өмүр жолу, адамдык асыл сапаттары жана жасаган эмгектери элдин эсинде түбөлүк сакталат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.





Сүрөттөр: Маданият министрлиги




