Ток менен балык уулаган чет өлкөлүктөргө мыйзамдуу чара көрүлөт

Социалдык тармактарда Арпа өрөөнүндө мыйзамсыз балык уулоого байланыштуу тараган видео тасма боюнча Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан текшерүү жүргүзүлдү.

Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Видео тасмада тартылган чет өлкөлүк жарандардын тек-жайы такталды. Ал эми автоунаанын капталындагы жазууларын сыйрып, номерин алып салышкандыгы такталып, унаа айып короого киргизилген.

Чет өлкөлүк жарандар райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилип, окуянын жагдайлары такталууда. Тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге мыйзам талаптарына ылайык чаралар көрүлөрү айтылды.

Буга чейин социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандар ток менен балык уулап жаткандыгы боюнча тасма тараган.

Сүрөт: Нарын ОИИБ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты