Абактагы активист Али Шабдан үй-бүлөсүнө каржылык жардам сурады

  • 1 год мурун

Кемпир-Абад маселеси боюнча камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылган активист Али Шабдан Фейсбук баракчасы аркылуу үй-бүлөсүнө каржылык жактан жардам берүүнү коомчулуктан суранды.  

-Достор, мени дагы эки айга калтырып койгонун билесинер. Үй-бүлөм финансы жагынан кыйналып жатат. Келинчегим кичинекей бала менен иштегенге мүмкүнчүлүгү жок, бала багуучуларга да таштап иштегенге мүмкүнчүлүгү жок, мен өзүм иштеп, үй-бүлөмдү бакчумун. Достор силерден суранам, акчалай жардам берип койгула,- деди ал.

“Көп түкүрсө көл болот”. Биз биримдикте бири-бирибизди колдоо менен чоң жетишкендиктерге жетебиз. Алдын-ала ыраазычылык билдирем,-деп кошумчалады Али Шабдан.  

0705125312 — элсом/мбанк/оденьги

Жарандык активист Али Шабдандын камакта калуу мөөнөтү узартылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт камакка алынган. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткан 20дан ашык кишинин 19у 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылышууда.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын баарынын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартуу чечимин кабыл алды. 13-декабрда райондук сот бул иш боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевди, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Кадыровду, Асия Сасыкбаеваны, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловду, активисттер Эрлан Бекчоро уулун, Атай Бейшенбекти, Перизат Суранованы, саясатчылар Равшан Жээнбековду, Таалайбек Мадаминовду, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованы, укук коргоочу Рита Карасартованы жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановду 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды.

13-декабрда сотко алынып келингендер сурак болбогонун, аларга мурда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген айып тагылса, азыр ал “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген беренеге алмаштырылып жатканын айтышты.

12-декабрда саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев, Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов жана экс-депутат Орозайым Нарматова 20-февралга чейин камакта калган. Ушул эле иш боюнча шек саналган Нурлан Асанбековдун үй камак мөөнөтү 20-февралга чейин узартылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты