Илгиз Шаменовдун камакта калуу мөөнөтү узартылды

  • 1 год мурун
Илгиз Шаменовдун камакта калуу мөөнөтү узартылды

Жарандык активист Илгиз Шаменовдун камакта калуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындай чечим бүгүн, 12-декабрда Биринчи май райондук соту чыгарды. Илгиз Шаменовго карата мурда тандалган №21 тергөө изоляторго камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2023-жылдын 20-февраль күнүнө чейин узартылды.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадай оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, журналист Айданбек Акмат уулу жана башкалар  48 саатка кармалып, андан соң Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирген.

Ошол эле күнү Канатбек Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган. Анын эмне себептен камалганы азырынча айтылбай турат. Канатбек Исаев өзү анын камалышынын себебин Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болгонуна байланыштырды.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Канатбек Исаев, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Эрлан Бекчороев жана башкалар кирген.

27-октябрда Москвада экс-депутат Орозайым Нарматова кармалганы кабарланган. Кийин анын жакындары Нарматованы 26-октябрдын түнү үйүнөн полиция кармап кеткенин билдиришкен. Алар сүрөткө тартып алган документке караганда, Орозайым Нарматова Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында эл аралык издөөгө алынып, кармалган.

28-октябрда Орозайым Нарматова жана Москвада кармалган дагы бир активист Илгиз Шаменов Бишкекке алып келинген.

29-октярба Бишкектин Биринчи май райондук соту Нарматованы эки айга тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты