75чилердин иши: Жактоочу эч кандай далил жок экенин билдирди
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 2-июлда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «75чилердин каты» боюнча сот отуруму уланууда. Анда айыпталуучулардын бири УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов бул иште эч кандай далил жок экенин журналисттерге айтты.
“Эч кандай далил жок. 9 жылга кесүү сунушу күлкүңдү келтирет” деди жактоочу Икрамидин Айткулов.
Дагы айыпталуучу — мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев бардык жактоочулар соттон шектүүлөрдү актоону сурашканын билдирген.
Ага чейин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бул иште шектүүлөрдү 9 жылдан абакка кесүү тууралуу айыптоочулардынн өтүнүчүнө кыска комментарий берип, абсурд экенин айтты.
Отурум түштөн кийин уланат. Жактоочулардын жарыш сөздөрү угулууда.
29-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май районунда 75 кишинин каты боюнча кезектеги сот отуруму өттү. Сот отуруму жабык өтүүдө. Жеке булактардын айтуусунда, прокурорлор айыпка шектүүлөрдүн ар бирин 9 жылдан эркинен ажыратууну суранышты.
18-майда Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адамдын соттук иши башталды.
Аларга кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, бийликти күч менен басып алуу жана 337-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылууда.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов камакта калтырылды.
Кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдогон.
Сүрөт: 15-июндагы сот отурумунан. Оүдо биринчи Икрамидин Айткулов. «ПолитКлиника»




