75чилердин иши: Нурланбек Тургунбек уулу 9 жыл камакка алуу сунушу абсурд экенин айтты

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 2-июлда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 75чилердин каты боюнча сот отуруму уланууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бул иште шектүүлөрдү  9 жылдан абакка кесүү тууралуу прокурорлордун өтүнүчүнө кыска комментарий берди:

«Бул— абсурд. Сабыр кылып туралы, көрөбүз. Аз эле калды го” деп жооп берди.

29-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май районунда 75 кишинин каты боюнча кезектеги сот отуруму өттү. Сот отуруму жабык өтүүдө. Жеке булактардын айтуусунда, прокурорлор айыпка шектүүлөрдүн ар бирин 9 жылдан эркинен ажыратууну суранышты.

18-майда Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адамдын соттук иши башталды. 

Аларга кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, бийликти күч менен басып алуу жана 337-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылууда.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов камакта калтырылды.

Кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдогон.

Сүрөт: Интернет булактарынан       

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты