5-мартта Араб Эмираттарынан Оман аркылуу 360 жаран Кыргызстанга алынып келинет

  • 6 дней мурун

5-мартка караган күнү Бириккен Араб Эмираттарынан Оман аркылуу эки аба каттамы уюштурулуп, 360 жаран Кыргызстанга алынып келинет.  

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.  

“Аймактагы айрым техникалык жана оор кырдаалга карабастан Тышкы иштер министрлиги жана дипломатиялык өкүлчүлүк коопсуз коридорун уюштурууну макулдашууга мүмкүнчүлүк алды. Бул миссиянын алкагында эки учак менен 360 жаранды алып келүү пландалууда. (ар биринде 180 жүргүнчү болот). Эң алды менен аялдар, балдар жана улгайган адамдар жөнөтүлөт” деп айтылат маалыматта.

Бул процесс Тышкы иштер министрлиги жана башка мамлекеттик уюмдар тарабынан координацияланат.

Бул маселе өлкө жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө болот.   

Перс булуңунда 22 миң кыргызстандык бар. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги Бишкектеги брифингде билдирди. Анын ичинде: -Бириккен Араб Эмираттарында — 10 миңдей, Катарда-800дөй, Сауд Аравиясында 5 миңден ашык (анын ичинде зыяратчылар 4 миң,калган жарандар 1 миң), Израилде 100гө жакын кыргызстандык жаран, Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда миңге жакын кыргызстандык бар.

28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.

Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты