ТИМ: Казакстандан 14 кыргыз жараны алынып келинди

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 9-январда Казакстандын Алматы шаарынан 14 кыргыз жараны мекенине алынып келингенин билдирди. 

Маалыматка ылайык, эвакуациялангандардын ичинде аялдар жана балдар бар.

Министрлик мындан тышкары Нур-Султан шаары менен авиа каттам токтоп тургандыктан 15 кыргыз жаранын темир жол аркылуу алып келүү боюнча иш жүрүп жатканын маалымдады.

6-январда ТИМ жыйырма кыргыз жараны эвакуацияланганын билдирген.  Атайын уюштурулган транспорт менен кыргызстандыктардан тышкары жыйырма орус, бир тажик, бир өзбек жараны келген.

Казакстандагы башаламандыкка катышууга шектелип кыргызстандык жарандар кармалганы белгилүү боло баштады. 9-январда «Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы» тараткан видеодо бети-башы көгөрүп, токмоктолгон жигит аны “белгисиз адамдар” 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын айткан. Видеодогу кыргызстандык белгилүү музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болду.

Тышкы иштер министрлиги музыканттын кармалышына байланыштуу Казакстанга нота тапшырды. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жергиликтүү сайттардын бирине Казакстанда кармалган кыргыз жарандарына адвокаттарды жана консулду киргизбей жатканын билдирген.

Казакстандын Ички иштер министрлиги видео тасмадагы жаран музыкант Викрам Рузахунов эмес, башка бир кыргызстандык — Закир Юбуров экенин билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты