ТИМ Рузахуновдун кармалышына байланыштуу Казакстанга нота тапшырды

  • 2 года мурун

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Казакстандагы массалык баш аламандыкка катышты деп шектелип кыргызстандыктын кармалганы тууралуу видеосюжеттин таралышана байланыштуу, бүгүн 9-январда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Казакстандын элчиси Р. Жошыбаев чакырылды. Ошондой эле министрликтин нотасы тапшырылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР тышкы иштер министринин орун басары А. Мадмаров Казакстан элчиси Р. Жошыбаевге КР жараны Викрам Рузахуновдун камалышына байланыштуу министрликтин нотасын тапшырды.

Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун тез арада камсыз кылууга жана аны жакынкы арада бошотууга чакырды.

«УКМК жана башка компетенттүү мамлекеттик органдар ар дайым казак боордоштор менен биргелешкен чараларды көрүүгө даяр жана казак бийлиги муну объективдүү чечип, кызыкдар күчтөр тарабынан кыргыздарга каршы таңууланган риторикага алдырбайт деп ишенет” деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Казакстанда кармалган кыргызстандык жана жумушсуз катары саналган адам джаз музыкасынын белгилүү өнөрпозу, фортепианочу Викрам Рузахунов болуп чыккандыгы буга чейин маалым болду.

Кыргызстандын ички иштер министрлиги Казакстанда кармалды делген музыкант Викрам Рузахуновго байланыштуу тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлады.   

Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90.000 теңге сунушташкан.
Туугандарынын маалыматы боюнча,  кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыга тез-тез сапарга барып турган.

Жакында ал концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган. Алматыга баруу үчүн билет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынган жана Алматы шаарына 2022-жылдын 2-январь күнү 20:00 до учуп кеткен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты